Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели | №54 | Кызыл-Шарк айылы |
Савай айылдык аймагында сугат суунун тарифи жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик Савай» муниципалдык ишканасынын 2026-жылдын 10-мартындагы №3 катынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кезексиз XVIII отурумунун протоколунун негизде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Савай айыл аймагында пайдаланган сугат суу үчүн тариф 1 сотых жерге 0,25 сом бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө, «Биримдик Савай» муниципалдык ишканасына тариф саясатын жүргүзүү иштерин көзөмөлдөө, калк арасында мыйзам чегинде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Савай айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Осмоналиев |