Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-апрели № 81/ХVII-29
Инвестициялык долборлорго жер тилкесин өндүрүшкө бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сессияда Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн №581 контуру боюнча жер тилкесин ижарага колдонуп ишкердик жүргүзүп жүргөн субъекттен келип түшкөн сунуштун негизинде, инвестициялык долборлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн 22.04.2026ж № 01-10/648 сандуу катын карап, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 14.04.2026ж №1162602337 сандуу “Ак-Кудук айыл аймагынын №581 контурунда жайгашкан жер тилкесин 5 өз алдынча бирдикке бөлүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө" шаар куруу корутундусуна ылайык, бул жер тилкесинин ижара мөөнөтүн 2038-жылга чейин узартууга макулдук берүүнү карап чыгып, Ак- Кудук айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Газобетон блокторун өндүрүү боюнча заводду курууга "Газоблок стандарт" ЖЧКга макулдук берилсин.
2. "Абек Групп" ЖЧКсына Эмерек цехин курууга макулдук берилсин.
3. НТЦ Апполонго" эритме-бетон түйүнүн орнотууга макулдук берилсин.
4. "ЖБИ группга" темир-бетон буюмдарын чыгаруу боюнча завод курууга макулдук берилсин.
5. №581 контурдагы жалпы аянты 8,80 га жер тилкесинин ижара мөөнөтүн 2038-жылдын апрель айына чейин узартууга макулдук берилсин.
6. Ак-Кудук айыл өкмөтү менен инвестордун ортосундагы келишимде жылына соцпакет катары социалдык жана чарбалык муктаждыктарга жардам көрсөтүү жагы каралсын.
7. Жооптуу катчы Исакова Ч.Н. бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| Дж. Маванкуй |