Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели | №55 | Кызыл-Шарк айылы |
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылынындагы №77 контурдагы 0,06 га жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кезексиз XVIII отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Савай айыл аймагындагы Ынтымак айылындагы №77 контурдагы 0,06 га жер тилкесин Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө Ынтымак айылындагы №77 контурдагы 0,06 га, жер тилкеси боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Осмоналиев |