Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
САВАЙ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели | №56 | Кызыл-Шарк айылы |
Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн Курбан-Кара айылынындагы №1016 контурдагы 0,17 га жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, Савай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 23-апрелиндеги №01-13/1100 катынын, Савай айылдык округунун кеңешинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги кезексиз XVIII отурумунун протоколунун негиздеринде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын «мүлккө муниципалдык менчик укугунун токтотулушу» жөнүндө 10-беренесинин негизинде Савай айылдык аймагынын Курбан-Кара айылынындагы №1016 контурдагы идентификациялык номери №5-04-14-0025-0519 катталган 0,17 га жер тилкесине болгон муниципалдык менчик укугун токтотууга макулдук берилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнө Курбан-Кара айылынындагы №1016 контурдагы идентификациялык номери №5-04-14-0025-0519 катталган 0,17 га жер тилкеси боюнча иш-чараларды Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Осмоналиев |