Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралындагы №59/XII-29
Сугат суунун ирригацияларын райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Нурманбет айыл аймагындагы сугат суунун ирригацияларын айыл өкмөтүнүн балансынан райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып Нурманбет айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл аймагында жайгашкан сугат суунун ирригацияларын (I-II-иретиндеги ички каналдарды) Нурманбет айыл өкмөтүнүн балансынан райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берилсин.
2. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
- ушул токтомдун кɵчүрмɵсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
3. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, унаа, жана турак-жай коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵрайым |
| Н. С. Бекбоева |