Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели №8/1 | Боз-Караган айылы |
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо
Кыргыз Респуликасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пуктчасына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши жайыт пайдалануучулары менен иштөө боюнча адиси Р. Боронбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык Кеңешинин кезексиз 8-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн «Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануучуларынын аткарып жаткан иштери канатандыраарлык деп белгиленсин.
2. 2026-жылдын 6 айлык жыйынтыгына аткарып жаткан иштери боюнча маалыматты «Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Алыскы жайыттардан түшкөн салыкты сметада каралган суммадан ашыкча түшсө кошумча смета түзүп, чыгаша бөлүгүнө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |