Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели №8/2 | Боз-Караган айылы |
Боз-Караган айылынын тургуну Медербек уулу Бексултандын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Жер Кодексинин 80-беренесинин 4-пунктуна жана 21-беренесине ылайык, Боз-Караган айылынын тургуну Медербек уулу Бексултандын арызын угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык Кенешинин кезексиз 8-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургуну Медербек уулу Бексултандын арызы канаатандырылсын.
2. Кара-Шоро айылынын Сай участкасынан 1 (бир) га жер аянтына балык чарбасын уюштурууга, көрктөндүрүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө 5 (беш) жылдык мөөнөткө макулдук берилсин.
3. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адисине (К. Пасаңов) жана Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге тапшырылсын.
5. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |