Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели №8/4 | Боз-Караган айылы |
Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын таштанды ташып чыгууга болгон тарифин иштеп чыгуу жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мызамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пунктчасына ылайык, Курманжан Датка айылдык кеңеши жайыт пайдалануучулары менен таштанды ташып чыгууга болгон тарифин иштөө боюнча адиси Т.Жээнбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык Кенешинин кезексиз 8-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн «Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасынын таштанды ташып чыгууга болгон тарифин аткарып жаткан иштери канатындыраарлык деп белгиленсин.
2. Чогултулган таштандыларды топтоп таштанды таштоочу жайга жеткирип иш алып баруу жагы Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин жайыт маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д. Камчыбек уулу |