Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели №8/5 | Боз-Караган айылы |
Курманжан Датка айыл аймагынын Кызыл–Ой айылынан дарыянан нугун буруу боюнча Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мызамынын 3-главасынын 34-беренесинин 11-пуктчасына ылайык Алай райондук өнүктүрүү фондунан Кызыл-Ой айылынан дарыянын нугун буруу боюнча Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М.Амираевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кызыл–Ой айылынан дарыянын нугун буруу боюнча Алай райондук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу суралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |