Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели №8/6 | Боз-Караган айылы |
2025-2026 окуу жылынынын «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземине карата айылдык кеңешинин мугалим депутаттарын сыйлоо жөнүндө
Курманжан Датка айылдык кеңешинин төрагасы Д. Камчыбек улуунун айылдык кеңешинин депутаттарын сыйлыктарга көрсөтүү боюнча баяндамасын угуп жана талкуулап Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 8-отуруму токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары жана 2025-2026 окуу жылында билим берүүдөгү үзүрлүү эмгектери, окуучулардын билим сапатынын жогорулашына талыкпаган аракеттери үчүн “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземине карата айылдык кеңешинин төмөндөгү мугалим депутаттары Курманжан Датка айылдык кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланышсын.
– Качыбек уулу Даткабек №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары;
– Абдыкадырова Зина Дарбановна №25 Э.Мурзаев атындагы орто мектебинин директору;
– Бакирова Динара Манашовна №24 К. Аматов атындагы орто мектебинин тарых сабагынын мугалими;
– Исаев Аскербек Тынчыевич №23 М.Ташиев орто мектебинин дене тарбия сабагынын мугалими;
– Масакова Тоюнбү Жалиевна №23 М.Ташиев орто мектебинин физика сабагынын мугалими;
– Сагынбай кызы Элмира №23 М.Ташиев орто мектебинин тарых сабагынын мугалими;
2. Сыйланган депутаттарга керектелүүчү грамоталар менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Амираевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы А. Мукаш кызына жүктөлсүн.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |