Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 7-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели №7/1 | Боз-Караган айылы |
Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кара-Шоро, Арпа-Тектир жана Кызыл-Ой айылдарынын борбордук көчөлөрүн жана айыл аймактын кире беришин жарыктандырууга жалпы сметалык баасы 8 369 513 сом акча каражатын Облустук өнүктүрүү фондунан акча каражатын алуу жөнүндө
Облустук өнүктүрүү фондунан, Кара-Шоро, Арпа-Тектир жана Кызыл-Ой айылдарынын борбордук көчөлөрүн жана айыл аймактын кире беришин жарыктандырууга 8 369 513 сом акча каражатын алуу боюнча Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М.Амираевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманжан Датка айыл аймагына караштуу Кара-Шоро, Арпа-Тектир жана Кызыл-Ой айылдарынын борбордук көчөлөрүн жана айыл аймактын кире беришин жарыктандырууга жалпы сметалык баасы 8 369 513 сом акча каражаты Облустук өнүктүрүү фондунан алуу жагы суралсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоого Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |