Редакцияот 17.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 17-июну № 218

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Калктын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1.  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-     1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10-пунктча менен толукталсын:

«10) калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы маселелери боюнча.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров