Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрель № 60
Каржы каражатын бөлүштүрүү жɵнүндɵ
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында каржы каражатын бɵлүштүрүү жɵнүндɵ маселесин карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нурманбет айыл өкмөтүндө клубдун социалдык имаратындагы электр жабдууларын оңдоого жергиликтүү бюджеттин 2221-беренесинен 200,0 сом акча каражаты Красная Речка айылы А.Сыдыков орто мектебинин учурдагы оңдоо иштерине 2222-беренесине ылайык, клуб бөлүмүндө каралган сметага учурдагы оңдоого киргизилген акча каражатынан бɵлүнүп берилсин. «Кырсык тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» (ERIK) долбоорунун алкагында мектептин оңдоо иштерине, жана окуучуларды ташуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 3 000,00 (үч миллион) сом акча каражаты каралсын.
2. Бекитилген штаттык расписаниеге ылайык 2026-жылдын 1-апрелинен контракттык негизде IT-адисине каралган акча каражатынын жалпы суммасы 8 айга 310 000 сом, орун басар 245 000 сом (бардык салыктар менен); 2111-берене боюнча 473579 сом, АУП бөлүмү 2121-берене боюнча-81421 сом.
3. Нурманбет айылдык кенешинин жооптуу катчысы Бекбаева А.Т.
-ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон ɵткɵрсүн;
-ушул токтомдун кɵчүрмɵсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бɵлүмүнɵ жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтом Министирлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндɵн тартып күчүнɵ кирет.
Тɵрайым |
| Н. С. Бекбоева |