Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июну № 417-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 "Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому менен бекитилген Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссия жөнүндө жобонун 42-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылга кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планда көрсөтүлгөн министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик органдар:
1) Планда каралган иш-чараларды өз убагында жана толук аткаруу боюнча бардык чараларды көрсүн;
2) отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен квартал сайын Планды даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Пландa каралган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жана ушул тескеменин 2-пунктунда белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына маалымат берүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
1) Планды ишке ашырууну координациялоону жана мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырсын;
2) жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссияга Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
2026-жылга кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
Ушул 2026-жылга кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары - План) тобокелдиктерди улуттук баалоонун алкагында аныкталган кыйла маанилүү жана кечиктирилгис тобокелдиктерге чара көрүүнүн негизги багыттарын, артыкчылыктарын жана биринчи кезектеги чараларын аныктоочу стратегиялык документ катары иштелип чыкты. Ушул Планды кабыл алуу жана ишке ашыруу көрсөтүлгөн тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, ооздуктоого жана минималдаштырууга карата мамлекеттик органдардын жана улуттук системанын башка катышуучуларынын ырааттуу, координацияланган жана тобокелдикке салынган мамилесин камсыз кылууга багытталган.
Бул План КИК/ККЛ каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын стратегиялык алкактын курамдык бөлүгү болуп саналат. Көрсөтүлгөн стратегиялык алкак улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, укук бузуулардын алдын алуу маселелерин, ошондой эле КИК/ККЛ менен байланышкан тобокелдиктердин алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана минималдаштыруу маселелерине байланыштуу мамлекеттик саясаттын башка багыттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын өз ара байланышкан стратегиялык жана программалык документтеринин жыйындысын камтыйт. Ушул Пландын жоболору мындай документтер менен системалык өз ара байланышта чечмеленүүгө жана ишке ашырылууга тийиш.
Бул План ошондой эле тобокелдиктерди сектордук баалоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган пландар, тобокелдиктерди тематикалык баалоо, ошондой эле КИК/ККЛ маселелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын стратегиялык документтерин, концепцияларын жана чечимдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан башка иш-чаралар пландары менен биргеликте каралууга тийиш.
Ушул Планда каралган иш-чаралар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясын, алардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүнүн, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн жана координациялоонун зарылдыгын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.