Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ХХIХ чакырылышынын ХIII кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-январы №91/13-29
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомун аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” №207 токтомун аткаруу максатында, район боюнча жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын негизинде ирригациялык объектилер боюнча түзүлгөн Орловка шаарындагы 1-2-ирээтиндеги реестрди карап райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө талкуулап Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарындагы 1-2-ирээтиндеги ички чарба аралык каналдардын реестрине кирген төмөндөгү объектилер Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
1-ирээтиндеги ички чарба аралык каналдар- 11,4 км:
-Быстроток, Кемин шаары, Г-120;
-Р-4-2 Подгорное айылы, жер нугундагы канал;
-Шабдан-1, Жаңы Алыш, Г-120;
-Аты жок, Ударник айылы, жер нугундагы канал;
-Ударник, Ударник айылы, Лр-60;
-Калинина, Орловка шаары, Лр-60.
2-ирээтиндеги ички чарба каналдар- 11,12 км:
-Быстроток, Кемин шаары, жер нугундагы канал;
-Калинина, Орловка шаары, монолит;
-Андрей, Орловка шаары, Лр-60.
Бардыгы Орловка шаары боюнча 22,52 км.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Орловка шаардык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И.Токтакунов |