Загрузка документа…
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын
ХIV кезексиз сессиясы
2026-жылдын 08-апрели № 92/14-29
Катуу тиричилик калдыктарды чыгаруу үчүн төлөмдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 74,75-беренелерин жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кенеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын мэриясынын аймагындагы юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден катуу тиричилик калдыктарды чыгаруу үчүн бир жашоочу үчүн жылына 100 (бир жүз) сом өлчөмүндө жыйымдын ставкасы бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Х.С. Мамедов |