Загрузка документа…
АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июну № 10
Ак-Башат айыл аймагынын Ак-Башат жалпы билим берүү мектебине Кадыркулов Насипбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
“Ак-Башат айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги мекемелерге ысым ыйгаруу боюнча” Жобонун негизинде, 2026-жылдын 26-майында өткөрүлгөн коомдук угуунун чечиминин жана айылдык кеңештин сессиясынын 2026-жылдын 23-июнундагы протоколунун чечиминин негизинде, Ак-Башат айылдык кеңеш токтом кылат :
1. Ак-Башат айыл аймагынын Ак-Башат жалпы билим берүү мектебине Кадыркулов Насипбектин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б. Азаматовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Башат айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| И.С.Рыскулов |