Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-июну № 420
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 «Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кесиптик жогорку жана орто билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону өткөрүү жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-майындагы № 258 «Кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
1-тиркеме
«1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку
билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын
бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу
мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү программаларын өздөштүрүү бүтүрүүчүлөрдү милдеттүү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо менен аяктайт.
2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) бардык формалар боюнча кесиптик жогорку билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө карата колдонулат.
3. Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун максаты болуп кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын (мындан ары – ЖКБ билим берүү уюму) бүтүрүүчүлөрүнүн кесиптик тапшырмаларды аткарууга болгон даярдыгынын деңгээлин жана аларды даярдоонун кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына шайкештигин аныктоо саналат.
4. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо аккредитацияланган ЖКБ билим берүү уюмдарында жана алардын аккредитациясы бар түзүмдүк бөлүмдөрүндө кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери жана даярдоо багыттары боюнча жүргүзүлөт.
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык иштелип чыккан кесиптик жогорку билим берүүнүн адистиктери же даярдоо багыттары боюнча билим берүү программасын толук көлөмдө өздөштүрүүнү ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө жол берилет.
Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын бардык белгиленген түрлөрүн ийгиликтүү тапшырган шартта бүтүрүүчүгө тиешелүү квалификация ыйгарылат жана мамлекеттик жана (же) өздүк үлгүдөгү кесиптик жогорку билими жөнүндө диплом берилет.
5. Аккредитациясы жок ЖКБ билим берүү уюмдарында окуган же аларды ийгиликтүү аяктаган адамдар аккредитациясы бар ЖКБ билим берүү уюмдарында учурдагы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүүгө укуктуу.
2-глава. Жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын түрлөрү
6. ЖКБ билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун жыйынтыктоочу аттестациялык сынактарынын түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) бүтүрүүчү квалификациялык ишти жактоо;
2) мамлекеттик экзамен;
3) жыйынтыктоочу отчетту (бизнес-планды, стартап-долбоорду, колдонмо долбоорду же практикалык колдонууга жана (же) мүмкүн болгон коммерциялык сатууга багытталган башка натыйжаны) аткаруу менен практика (такшалма).
Милдеттүү жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын тизмеги кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен белгиленет.
7. Бүтүрүүчү квалификациялык иштер кесиптик жогорку билим берүүнүн белгилүү бир баскычтарына ылайык формаларда аткарылат:
1) бакалавр квалификациясы үчүн – бакалаврдын бүтүрүүчү иши формасында;
2) адис квалификациясы үчүн – дипломдук иш (долбоор) формасында;
3) магистр квалификациясы үчүн – магистрдик диссертация формасында.
ЖКБ билим берүү уюмунун чечими боюнча бакалавр, магистр жана адис квалификациялары үчүн бүтүрүүчү квалификациялык иш жыйынтыктоочу отчетту аткаруу менен практикага (такшалмага) алмаштырылышы мүмкүн.
8. Бүтүрүүчү квалификациялык иштердин темалары ЖКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат. Бүтүрүүчүгө ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте бүтүрүүчү квалификациялык иштин темасын тандоо,анын ичинде аны иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө менен өзүнүн темасын сунуштоо укугу берилиши мүмкүн. Бүтүрүүчү квалификациялык ишти даярдоо үчүн бүтүрүүчүгө жетекчи дайындалат.
Бакалаврлардын бүтүрүүчү иштери аткарылган курстук иштерди жана долбоорлорду жалпылоого негизделип, теориялык окутуунун акыркы мезгилинде жактоого даярдалышы мүмкүн.
Адистерди жана магистрлерди даярдоонун билим берүү программалары аяктагандан кийин аткарылган бүтүрүүчү квалификациялык иштер рецензияланууга тийиш. Рецензиялоо тартиби ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
9. Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди аткаруунун шарттары жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик жогорку билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ЖКБ билим берүү уюму тарабынан белгиленет.
Практиканы (такшалманы) өтүүнүн жана бүтүрүүчү квалификациялык иштин ордуна жыйынтыктоочу отчетту аткаруунун тартиби жана мөөнөттөрү ушул Жобонун, кесиптик жогорку билим берүүнүн тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде ЖКБ билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
10. Окутуудан күтүлүүчү натыйжаларды текшерүү максатында ЖКБ билим берүү уюму тарабынан жыйынтыктоочу аттестациялык сынактардын программасы, суроолордун тизмеги жана баалоо критерийлери иштелип чыгат жана бекитилет.
3-глава. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары
11. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары өз ишинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамдарын, ушул Жобону, кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын, ЖКБ билим берүү уюмдары иштеп чыккан окуу-методикалык документтерди жетекчиликке алат.
12. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бүтүрүүчүнү даярдоонун кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына жана бекитилген негизги билим берүү программасына ылайык окутуунун күтүлгөн натыйжаларына шайкеш келишин аныктоо;
2) жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоонун натыйжалары боюнча квалификация ыйгаруу жана бүтүрүүчүгө кесиптик жогорку билими жөнүндө тиешелүү мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү диплом берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
3) мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишинин натыйжаларынын негизинде бүтүрүүчүлөрдү даярдоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамаларды иштеп чыгуу.
13. Бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өткөрүү үчүн ЖКБ билим берүү уюму тарабынан ар бир багыт жана адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамы бекитилет.
ЖКБ билим берүү уюму тарабынан кесиптик жогорку билим берүүнүн бир билим берүү программасы боюнча бир нече мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы бекитилиши мүмкүн.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиялары бир календардык жыл бою иштейт.
14. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясы иш берүүчүлөрдүн (ушул профилдин чөйрөсүндө иштеген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистери), ошондой эле ЖКБ билим берүү уюмдарынын профессордук-окутуучулук курамынын жана илимий кызматкерлеринин ичинен 5 адамдан кем эмес санда түзүлөт.
Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамындагы иш берүүчүлөрдүн саны комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесин түзүүгө тийиш.
15. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын курамына факультеттердин декандары, кафедра башчылары, административдик башкаруу персоналынын өкүлдөрү, билим берүү уюмунун жетекчилиги кирбейт.
16. Мамлекеттик аттестациялоо комиссиясын тиешелүү профилдеги бүтүрүүчүлөр үчүн потенциалдуу иш берүүчүлөр болуп саналган ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен төрага жетектейт, ал эми алар жок болгон учурда – ушул профилдеги/адистиктеги илимдин доктору же кандидаты жетектейт. Төрага ЖКБ билим берүү уюмунда иштебеген адам болууга тийиш. Бир эле ошол адам катары менен эки жылдан ашык мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын төрагасы боло албайт.
Төрага мамлекеттик аттестациялоо комиссиясынын ишин уюштурат жана контролдойт, бүтүрүүчүлөргө коюлуучу талаптардын бирдей болушун камсыз кылат.
ЖКБ билим берүү уюму ар бир даярдоо багыты жана (же) адистик боюнча мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын төрагаларынын маалыматтар базасын өз алдынча түзөт.