Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 9-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну №9/1 | Боз-Караган айылы |
Арпа-Тектир айылына жаңы чыккан сугат суунун тарифин бекитип берүү жөнүндө
Курманжан Датка таза суу, тазалык, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын башчысы Т. Жээнбековдун билдирүүсүн карап чыгып талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 11- пунктуна ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Арпа –Тектир айылына жаңы чыккан сугат суунун тарифи бир саатына 350 (үч жүз элүү) сомго бекитип берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий kurmanjan-datka.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Акшоола Мукаш кызы токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген кундөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |