Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну № 539-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 10-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 10-июнундагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:
Ар кандай маселелер;
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу;
«Дене тарбия жана спорт жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Юридикалык өкүлчүлүктүн маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, «Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Мамлекеттик органдар тарабынан адамдарды мамлекеттик электрондук билдирүүлөр системасы аркылуу кабарлоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
«Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Россия Федерациясынын жарандарынын барып-келүү режими жөнүндө макулдашууну түзүүчү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы алмашуу ноталарын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2026-жылдын 16-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Гана Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
«2025-жылдын 21-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен экинчи тараптан Индонезия Республикасынын ортосундагы Эркин соода жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;