Загрузка документа…
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманжан Датка айылдык кеңешинин кезексиз 9-отурумунун
ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-июну №9/2 | Боз-Караган айылы |
Кабылан-Көл айылынын Кызыл-Кыя жайлоосунан 2 (эки) га жер аянтын Кабылан-Көл айылынын тургуну Таирбек уулу Бегалыга туризм багытына чегерип берүү боюнча
Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевдин билдирүүсун угуп, Кыргыз Респуликасынын Жер Кодексинин 24-беренесине ылайык Курманжан Датка айылдык кеңешинин 9-отуруму токтом кылат:
1. Кабылан-Көл айылынын тургуну Таирбек уулу Бегалыга Кабылан-Көл айылынын Кызыл-Кыя жайлоосуна 2 (эки) га жер аянтчасын туризм багытын өнүктүрүүгө жер аянтын чегерип берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерди даярдап берүү жагы Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. М. Амираевге тапшырылсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий kurmanjan-datka.gov.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Акшоола Мукаш кызы токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Д.Камчыбек уулу |