Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө жана бюджетинин долбоорун 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын 2026-жылга карата республикалык бюджетин бекитүү жана бюджетинин долбоорун 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамдарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн 2026-жылга 77478,8 миң сом анын ичинен атайын каражаттар 2026-жылга 28876,0 миң сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетин кирешелер бөлүгү атайын каражаты ЖЧК “Эделвейс Голд” тарабынан берилүүчү төлөө коду: 144111100 учурдагы жардам эсебинен 12250 млн сомго бекитилсин.
3. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бекитилген бюджетин чыгашалар бөлүгүнүн атайын каражаты төлөм кодунун элементи башка турак жай имараттарын жана имарат жайларын сатып алуу жана куруу үчүн 12250 млн сомго бекитилсин.
4. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбоорун 2027-2028-жылдарга болжолу 2027-жылга 52165,7 миң сомго, 2028-жылга 56338,7 миң сомго бекитилсин.
5. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн апаратта иштеген кызматкерлеринин штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 07-февраль №52 токтомунун негизинде жалпы штат бирдиги, штат бирдигинде отурган 12 кызматкерлерге чинге карата кошумча төлөөлөр төлөнүп берилсин, иш кагаздарын жүргүзүүчү 1 кенже кызматкерлер 3 штат бирдиги бекитилсин жана келишим менен алынгандар 12 кызматкерге келишимдин негизинде төлөнүп берилсин.
6. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Дунаев |