Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын аягында калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана 1-январь 2026-жылга карата калган калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып жана айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы калган калдык жалпысы 10 350.7 мин сом бюджетиндеги акча кошумча сметанын негизинде жумшалсын, анын ичинен атайын каражат 5250,0 миң сомго бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджетте калган калдык акча каражатын кагаз иштерин даярдап, иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдибаитовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | А.Дунаев |