Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылындагы дем берүүчү гранттын эсебинен Р.Абелов көчөсүнө асфальт төшөө 976,2 миң сом, Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №127 негизги мектебинин дем берүүчү гранттын эсебинен эшик, терезелеринин капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым 700,0 миң сом акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылындагы дем берүүчү гранттын эсебинен Р.Абелов көчөсүнө асфальт төшөө 976,2 миң сом, Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы №127 негизги мектебинин дем берүүчү гранттын эсебинен эшик, терезелеринин капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым 700,0 миң сом акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө сунуш кылынган көрсөткүчтөрдү карап чыгып жана айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагына караштуу Таш-Арык айылындагы Р.Абелов көчөсүнө асфальт төшөө үчүн өздүк салым 976,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы № 127 негизги мектебинин эшик, терезелеринин капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым 700,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин кагаз иштерин даярдап иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Т.Абдибаитовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш, муниципалдык менчик боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрагасы | А.Дунаев |