Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы “Ак-Терек” орто мектебине Оморова Ибадаттын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасында географиялык объектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобонун №149 токтомунун 12-пунктунда бекитилген тартипке ылайык, 2026-жылдын 28-январындагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн билдирүүлөрүнүн сунушуна, 2025-жылдын 11-сентябрындагы №4 «Ак-Терек» жалпы билим берүү мекемесинин жамаатынын кайрылуусуна, 2025-жылдын 3-июнундагы Ак-Терек орто мектебинин педагогикалык жамаатынын жана элдик жыйынынын протоколунун чечимине таянып, Ынтымак айылдык кеңеши карап талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасында географиялык объектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө жобонун №149 токтомунун 12-пунктунда бекитилген тартипке ылайык, аталган мектептин аты «Оморова Ибадат» деп өзгөрүлсүн.
2. Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан Ынтымак айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы мектептин учурдагы аталышы «Ак-Терек» орто мектеби болуп келгендигине байланыштуу, ал мектепке «Оморова Ибадат» ысымын ыйгаруу сунушун колдоп берүү жагы суралсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, расмий булактарга жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун коргоо жана кызыкчылыгын коргоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу, өнүктүрүү коомдук уюмдар жергиликтүү коомдоштуктар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрагасы | А.Дунаев |