Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
Ынтымак айыл аймагынын Правда айылында, №470 контурунда жайгашкан 0,30 га жер аянтын «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорулатуу максатында Правда айылында №470 контурунда жайгашкан 0,30 га жер аянтына мал сарай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы №149 сандуу Жер Кодексинин 13-беренесине ылайык, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын чечимин угуп, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын Правда айылында №470 контурунда жайгашкан 0,30 га жер аянтына мал сарай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Карыбековго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ынтымак айылдык кеңешинин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |