Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 03-февралы | Жаңы-Арык айылы |
«Ынтымак» муниципалдык ишканасынын жайыт комитетинин иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылайык, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле «Ынтымак» муниципалдык ишканасынын Жайыт комитетинин төрагасы Машаев Даниярдын жайыттары башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча түзүлгөн иш планын угуп талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планы тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы 2026-жылга айыл аймагынын жайыттарын башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча бекитилген планды ишке ашырууну камсыз кылсын жана жылдын жыйынтыгы боюнча анын аткарылышы жөнүндө маалымат даярдасын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн (yntymak.gov.kg) расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, архитектура, курулуш транспорт жана экология боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | А.Дунаев |