Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 8-апрели №5 | Сопу-Коргон айылы |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн сунуштама катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2026жылдын 10-мартындагы №01-6/97 сандуу сунуштама катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-апрелинен тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин жыйынтыгынын негизинде айрым кемчиликтерге жол берилгендиги белгиленсин жана аудиттин жазма буйругунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу менен калыбына келтирүү чаралары көрүлсүн.
2. Шайкештик аудиттин сунуштамасынын негизинде жайыт төлөмдөрүнүн тарифин кайрадан карап чыгып, малдын санын тактап айылдык кеңешке кайрадан сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Сунуштама каттын негизине аудиттин сунуштамасында көрсөтүлгөн кемчиликтерди мындан ары болтурбоону жана кетирген кемчиликтери үчүн тиешелүү жооптуу кызматкерлерге кызматтык чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |