Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-апрели №6 | Сопу-Коргон айылы |
Жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктар жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевдин маалыматын угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Төбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарына көрүлгөн даярдыктары жөнүндө элди үрөн менен камсыздалышы, айыл чарба техникаларынын даярдыгы боюнча уюштуруу иштерин ыкчам жүргүзүү жагы айылөкмөт башчысы М.Турганбаев тарабынан жетекчиликке алынсын.
2. Айыл өкмөтү айыл аймагынын калкынын айдап себүү иштерb башталганга чейин тез арада үрөн, күйүүчү май, айыл чарба техникалары жана айыл аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында көчөттөр менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Сугат иштери жүргүзүлгөнгө чейин арык суу каналдарды тазалоо,айылдарды жашылдандыруу,көрктөндүрүү үчүн көчөттөрдү отургузуу,айлана чөйрөнү тазалоо,ишембиликтерди уюштуруу мекеме жетекчилерге, мектеп директорлоруна, айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер, агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |