Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-апрели №7 | Сопу-Коргон айылы |
Айыл өкмөтүнүн аймагында аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү аныктоо,аларга даректүү колдоо көрсөтүү боюнча иш аракеттер жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй бүлөлөргө,мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көргөн камкордугу тууралуу маалыматын жана башчынын орун басары С.Ы.Карыбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн калкты социалдык жактан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн так тизмесин түзүүнү жүргүзүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакындан жардам алуусуна өбөлгө түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |