Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-апрели №8 | Сопу-Коргон айылы |
Лизингке «Таза-Суу-Тазалык» муниципалдык ишканасына атайын
(спец) техникаларды алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза-Суу-Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникалык базасын жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик лизинг компанясы» ачык акционердик коому аркылуу 3(үч) даана атайын техникаларды лизинг жолу менен сатып алууга келишим түзүүгө макулдук берүү максатында, Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 17-апрелиндеги №01-3/342 сандуу сунуш катын катын карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза-Суу-Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникалык базасын жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик лизинг компанясы» ачык акционердик компаниясы аркылуу 3(үч) даана атайын (спец) техникаларды (Самасвал ХОВО, Фронтальный погрузчик, мусоровоз ХОВО) бөлүп төлөө жолу менен сатып алуу үчүн келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Лизингке алынуучу атайын (спец) техникалар, таштанды ташуучу унаа(мусоровоз) ХОВО, самасвал ХОВО, жүк жүктөгүч атайын техниканын (фронтальный погрузчик) баштапкы 30 пайыз төлөмүн каржылап берүү жагы Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын жана калган суммасы 2026-жылдан тарта келишимде көрсөтүлгөн график боюнча бөлүп төлөө жолу менен 5 (беш) жылдык мөөнөткө жергиликтүү бюджетинен акча каражат каралсын.
3. Лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаев эсептелсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |