Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-апрели №9 | Сопу-Коргон айылы |
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым сугат суу каналдарын райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 21-апелиндеги №01-3/357 сандуу сунушун кароо жөнүндө
Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым сугат суу каналдарын райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 21-апелиндеги №01-3/357 сандуу сунушун карап чыгып, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тиешелүү аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүнү үчүн, дыйканчылык кылуучу жер аянттарын сугат суу менен камсыз кылуу максатында, айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 21-апелиндеги №01-3/357 сандуу сунушунун негизинде, райондук суу чарба башкармалыгынын балансына төмөндөгү Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат суу каналдарын өткөрүүгө макулдук берилсин:
1. Кичи-Каракол участкасы: Өрдөш каналы узундугу 4 чакырым сугат аянты 30га
2. Терек айылы: Караган каналы узундугу 4 чакырым сугат аянты 80га
3. Гежиге айылы: Сорт каналы узундугу 2,5 чакырым сугат аянты 60га
4. Чий-Талаа айылы: Сөгөт каналы узундугу 4,5 чакырым сгат аянты 180 га
5. Кызыл-Алай айылы: Гоо каналы узундугу 5 чакырым сугат аянты 150га
6. Кызыл-Алай айылы: Жаман-Каракол жайлоосу Кашка-Суу участкасынан келген суу түтүгү, узундугу 3 чакырым сугат аянты 50га
2. Алай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдап бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Турганбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага: | Н.Турсуналы уулу |