Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз I отуруму
ТОКТОМ
№1/2
2026-жылдын 22-январы | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Гагарин айылынын аталышын эски тарыхый “Тоо-Ашкан” аталышына өзгөртүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн Гагарин айылынын аталышын эски тарыхый “Тоо-Ашкан” аталышына өзгөртүү жөнүндө 2026-жылдын 14-январындагы Гагарин айылынын тургундарынын жыйынынын №7 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын географиялык обьектерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобонун 8-пунктун жана 14-беренесине ылайык Жибек-Жолу айыл өкмөтү токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн токтомун чыгарып берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловго сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |