Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги II отуруму
ТОКТОМ
№2/2
2026-жылдын 27-январы | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык 385,0 миң сом акча каражатын 2025-жылдын бюджетине иштетүү жөнундө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 385,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурмамат уулу Мухамбеддин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап 22.01.2024-жылдагы №01 протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 385,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жибек-Жолу айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурмамат уулу Мухамбеддин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен калган калдык 385,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү беренеге иштетилсин:
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Орто мектеп |
70921 |
22154900 |
250,0 |
Орто мектеп |
70921 |
22221200 |
79,0 |
Бала бакча |
70911 |
22221200 |
56,0 |
Жыйынтыгы: |
385,0 | ||
3. 2025-жылдан калган калдык акча каражатын 2026-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн тиешелүү беренелерине отургузуп, эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.
4. Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловко милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |