Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги II отуруму
ТОКТОМ
№2/3
2026-жылдын 27-январы | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 134,8 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 368,8 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурмамат уулу Мухамбеддин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап 22.01.2025-жылдагы №01 протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 134,8 миң сом калган калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жибек-Жолу айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурмамат уулу Мухамбеддин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 134,8 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин:
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Бала бакча |
70911 |
22211100 |
57,7 |
Бала бакча |
70911 |
22221200 |
33,4 |
Бала бакча |
70911 |
31123290 |
43,7 |
Жыйынтыгы: |
134,8 | ||
3. Атайын каражаттын 2025-жылдан калган калдык акча каражатын 2026-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.
4. Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Камиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |