Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ
№3/1
2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Лизингке Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик-Сервис тазалык,таза суу, жайыт жана көрктөндүрүү» муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча ыйгарым укук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесине ылайык, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана калкка ыкчам кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу максатында, Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Камилов Токтосун Рашидинович Кыргыз Республикасынын белгиленген тартибине ылайык, “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКсы менен “Биримдик-Сервис тазалык, таза суу, жайыт жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына атайын багыттагы (спец) техникаларды алуу боюнча лизинг келишимин түзүү үчүн ыйгарым укуктуу деп табылсын.
2. Лизингке алынуучу атайын багыттагы (спец) техникалар дөңгөлөктүү фронтальный погрузчик (Liugong CLG855N) жана автосамосвал (көтөрүмдүүлүгү 25 тн) автосамосвал FAW (көтөрүмдүүлүгү 15 тн) үчүн төлөмдөрдү аткаруу максатында, Жибек-Жолу айыл өкмөтүнөн 2026-жылдан тартып, түзүлгөн график боюнча 30% суммасын төлөө жолу менен 6 (алты) жылдык мөөнөткө жергиликтүү бюджетинен каражат каралсын.
3. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы лизинг келишиминин талаптарын аткаруу жана милдеттенмелерди өз убагында камсыз кылуу боюнча жооптуу болуп эсептелсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |