Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ
№3/2
2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун кызмат акынын жыйымын бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун макулдашылган төлөм тарифин бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Т. Камиловтун жана жарандардын билдирүүсүн угуп, талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловтун жана жарандарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. КР салыктык кирешелер жөнүндө кодексинин 74 жана 75 беренелерине ылайык Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу учун макулдашылган төлөм тарифи кызмат акы үчүн төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
3. Топтолгон акча каражаты Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн алдындагы «Биримдик Сервис» муниципалдык ишканасынын эсебине төгүлсүн жана түшкөн кирешенин эсебинен калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу иштери жүргүзүлсүн жана санитардык эрежелер сакталсын.
– Ар бир үй башына бир айына 100 (жүз)сомдон.
– Мекеме иш каналар, Ресторандар, Кафелер, Чайканалар, Ашканалар,Эс алуучу жайлар, дүкөндөр үчүн бир айына 200 (эки жүз)сомдон -500(беш жүз) сомго чейин.
– Бул сумма «Биримдик Сервис» ТКИна взнос катары эсептелинип жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, берилсин
4. Ар бир жарым жылдыкта Жибек-Жолу айылдык кеңешине түшкөн киреше боюнча отчёт берип турсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |