Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ
№3/3
2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 30-майындагы Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндө токтому менен бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн акы тартиби жөнундөгү типтүү жобого ылайык, Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөттүн жайыт акы планы 443000 (төрт жүз кырк үч миң) сомго белгиленсин;
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы жайыттарды пайдаланууда жайыт акы төлөмү төмөнкүдөй болуп белигиленсин:
Бодо малдарга:
– Топозго башына 200 сомдон.
– Ийри мүйүздүү малга башына 100 сомдон.
– Жылкыга башына 100 сомдон.
– Кой, эчкиге 50 сомдон.
3. Жайыт акы төлөмүнүн жылдык планын топтоо жана толтуруу айыл өкмөттүн жайыт адиси Г. Бекмурзаевке, айылдар боюнча жакындан жардам берүү ар бир айыл башчыларга милдеттендирилсин;
4. Жайыт жерлерин өзүм билемдик менен тосуп алган жерлерди комиссия түзүп, тактоо иштерин жүргүзүү боюнча иш алпаруу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Камиловко милдеттендирилсин;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |