Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ
№3/4
2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерлерди жана кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин аукционго коюу жана жерлердин ижара акысын бекитип берүү жөнүндө Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнө караштуу кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү үчүн баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин; Кайрак айдоо 1 га жер үчүн 1500 сомдон.Чөп чабынды 1 га. Жер үчүн 1500 сомдон.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнө караштуу Муниципалдык менчиктеги жерлерин ижарага берүү үчүн баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
– Сугат жер үчүн -250 сом/кв.м;
– Кайракы жер үчүн -50 сом/кв.м;
– Көп жылдык өсүмдүктөр (бак)-234 сом/ кв,м;
– Чөп чабындылар үчүн-50 сом/кв,м.
3. Жер салыгы жана жана камсыздандыруу мүчөлүк акылары аукциондон утуп алгандан кийинки келишимдин негизинде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.