Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги III отуруму
ТОКТОМ
№3/5
2026-жылдын 15-апрели | Согонду айылы |
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын бекитип берүү жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде чектеп бекитип берүү максатында Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагынан трансформация болгон жана калктуу конуштун чегинде жайгашкан турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянты “Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлу № 149 Жер Кодексинин 21-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу токтомунун негизинде Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагында 3(үч) жылдан кем эмес туруктуу жашаган жергиликтүү тургундарга” 8(сегиз) сотыхтан чектелип берилсин.
2. Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын 8(сегиз) сотыхтан чектеп берүү жагы Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жер комиссиясына жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик, айыл чарбасы, боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага: | Б.Ж.Артыков |