Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-сентябры №12-1 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 01-19/634 сандуу каты жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын Кеңеш айылындагы жаңыдан ачылган «Кенеш Алтын уя» балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын 2025-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь, айларына карата тамак ашы үчүн ата-энелер төлөмүнүн 364800 (үч жүз алтымыш төрт миң сегиз жүз) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине кошуп бекитип берүү жөнүндөгү ФЭБ башчысынын маалыматы менен таанышып жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айылындагы жаңыдан ачылган «Кенеш Алтын уя» балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын 2025-жылдын сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь, айларына карата тамак ашы үчүн ата-энелер төлөмүнүн 364800 (үч жүз алтымыш төрт миң сегиз жүз) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине кошуп бекитилсин.
2. Кошумча бекитилген акча каражатын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |