Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры №12-2 | Муркут айылы |
Муркут айылынын Мамаюнусов жана Анаркулов көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарынын өздүк салымы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылынын Мамаюнусов жана Анаркулов көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарын ишке ашыруу долбоорунун өздүк салымы менен камсыз кылуу жөнүндөгү ФЭБ башчынын билдирүүсү менен таанышып жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагына караштуу Муркут айылынын Мамаюнусов жана Анаркулов көчөлөрүнө асфальт төшөө жумуштарын ишке ашыруу долбоорунун өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин эсебинен 5087765 (беш миллион сексен жети миң жети жүз алтымыш беш) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүүчү акча каражатын мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө ажыратып берүү жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовко ФЭБ башчысы А.Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |