Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-сентябры №12-3 | Муркут айылы |
У. Салиева атындагы орто мектебинин орус тили каанасынын жасалгалоосуна жана жайкы ашканасына керектелүүчү эмеректерин сатып алуу жөнүндө.
У.Салиева атындагы орто мектебинин орус тили каанасынын жасалгалоосуна жана жайкы ашканасына керектелүүчү эмеректерин сатып алуу жөнүндөгү ФЭБ башчысынын маалыматы менен таанышып жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине жана «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугуна ылайык, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. У. Салиева атындагы орто мектебинин орус тили каанасынын жасагалоосуна жана жайкы ашканасына керектелүүчү эмеректерин сатып алуу боюнча көрсөтүлгөн 221783 (эки жүз жыйырма бир миң жети жүз сексен үч) сом акча каражатын, 70921 билим берүү бөлүмүнүн 3112-беренесинен 2221-беренесине которуу боюнча өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Белгиленген беренелер боюнча өзгөртүүлөрдү мыйзам чегинде аткарууга алуу жана тиешелүү суммадагы акча каражатын ажыратып берүү жагы ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |