Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №13-1 | Муркут айылы |
Кезектеги IV Элдик Курултайга Төөлөс айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен аныкталган 2025-жылдын 22-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Төөлөс айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында, Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 1 чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйыны Муркут айылындагы маданият үйүндө 2025-жылдын 1-ноябрь күнү саат 10-00 дө өткөрүлсүн.
2. Төөлөс айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын айылдын жашоочуларынын санына жараша катышуучулардын нормасы 100 (жүз) болуп бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
3. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын өкүлдөрүн көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
4. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (3-тиркеме тиркелет) (мындан ары – Жумушчу топ).
5. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Төөлөс айылдык кеңешинин депутаттары бекитилсин (4-тиркеме тиркелет).
6. Жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүүнү уюштуруу иштери ар бир айылдын айыл башчыларына милдеттендирилсин, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, мандат, укук, жана дин иштери” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |