Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №13-2 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштардан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын наркы жөнүндөгү 23.01.2025. №5-2 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын калктуу конуштарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын наркы тууралуу ФЭБ башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, КР “Салыктык эмес кирешелер жөнүндөгү” Кодексинин 24-главасынын 74 жана 75-беренелерине жана айылдык кенештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-январындагы № 5-2 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Төөлөс айыл аймагындагы жергиликтүү калктын таштанды салыгы үчүн нарктын төлөмү 2025-жылдын IV кварталынан ар бир кожолукка 100 (жүз) сом өлчөмүндө болуп бекитилсин.
3. Төөлөс айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар, ишкердик үчүн арналган имараттардын ээлери иштеген жумушчулардын санына карата ар бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |