Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №13-3 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Эшполотовдун 19.09.2025. №01-19/654 сандуу каты жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмүндөгү тамарка салыгы 150000 (жүз элүү миң) сом ашыкча бекитилип калгандыктан, ошол сумманын 50000 (элүү миң) сомун таштанды төлөмүнө, 100000 (жүз миң) сомун айыл чарба эмес жер салыгына кошуп жылдырууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын маалыматы менен таанышып, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамына жана айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясын чечимине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүмүндөгү тамарка салыгына ашыкча бекитилип калган 150000 (жүз элүү миң) сом акча каражатынын 50000 (элүү миң) сомун таштанды төлөмүнө, 100000 (жүз миң) сом акча каражатын айыл чарба эмес жер салыгына кошуп жылдырууга макулдук берилсин.
2. Төөлөс айыл өкмөтүнүн ФЭБ тарабынын мыйзам чегинде беренелер боюнча жылдыруу иштерин аткарууга милеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |