Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №13-4 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү программасы жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын 2025-2030-жж карата стратегиялык өнүгүү программасы жөнүндөгү ФЭБ башчысы А. Тешебаеванын маалыматын угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана айылдык кеңештин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата түзүлгөн стратегиялык өнүгүү программасынын долбоору жактырылсын.
2. Стратегиялык өнүгүү программасынын долбооруна мезгил талабына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип тураары белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин алдында түзүлгөн бардык туруктуу комиссиялардын жетекчилерине тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |