Загрузка документа…
ТѲѲЛѲС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры №13-5 | Муркут айылы |
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовдун 2025-жылдын 19-сентярындагы 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берүү жөнүндөгү каты менен таанышып жана талкуулап, айылдык кеңештин “Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Төөлөс айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төөлөс айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө макулдук берилсин.
2. № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык бөлүнгөн акча каражатын мыйзам чегинде жылдыруу жана аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовко жана ФЭБ башчысы А. Тешебаевага милдеттендирилсин. (тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жага айылдык кеңештин “ Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Каразаков |