Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-июну № 239
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
тышкы саясат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун камсыз кылуу, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүү, тышкы саясат маселелери боюнча мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоону жана өз ара аракеттенүүсүн тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүлөр үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун координациялоо жана ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы саясат жана эл аралык иш маселелери боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара аракеттенүүсүн координациялоо.
2. Мамлекеттик органдар, анын ичинде министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлдөрү, ошондой эле атайын статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарды Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана эл аралык укуктун башка субъекттери менен тең укуктуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын бирдиктүү тышкы саясий курсун натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн ушул Жарлыкты жетекчиликке алсын.
Ушул Жарлыктын жоболору атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарга карата алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарына каршы келбеген бөлүктө колдонулат.
3. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү функцияларды аткарат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жана башка мамлекеттик органдарга тышкы саясаттын негизги маселелери, анын ичинде чечимдерди ыкчам кабыл алууну талап кылган маселелер жөнүндө маалымдайт;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тышкы саясат жана эл аралык иш маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
3) өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптарын карайт, дүйнөлүк мыкты практикаларды, алдынкы технологияларды жана чет өлкөлүк тажрыйбаны тартууга көмөк көрсөтөт;
4) өз компетенциясынын чегинде тышкы экономикалык иш, ата мекендик товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык рынокторго илгерилетүү жана улуттук экономикага чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө профилдик мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
5) эл аралык ишти жүзөгө ашырууда, эл аралык иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө мамлекеттик органдарга саясий-дипломатиялык көмөк көрсөтөт;
6) Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык маселелер боюнча позициялары жөнүндө актуалдуу маалыматты даярдайт;