Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-майы № 11
Айдаркен шаарынын ишемби күндөрү өткөрүлүүчү жайма базарынын жыйымынын тарифин бекитип берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Айдаркен шаарынын аймагында ишемби күндөрү өткөрүлүүчү жайма базарында соода кылган жарандар жана автоунаалар менен соода кылган жарандардын жыйымынын тарифинин өлчөмү төмөнкүдөй болуп бекитилсин. а) Ар жуманын ишемби күнкү базар үчүн соода орун жыйымы 1 м2 50 (элүү) сом. б) 2 тоннадан ашык жүк көтөрүүчү автоунаалар менен соода кылган жарандар үчүн бир күнгө 200 (эки жүз) сом.
в) 2 тоннага чейинки жүк көтөрүүчү автоунаалар менен соода кылган жарандар үчүн
бир күнгө 100 (жүз) сом.
г) Жеңил автоунаалар менен соода кылган жарандар үчүн бир күнгө 50 (элүү) сом.
2. Ушул токтомду каттоо жана Айдаркен шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялоо жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
5. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Алтымышова |